Футболчу оюн учурунда каза тапты

0

Габондун “Аканда” футбол клубунун жарым коргоочусу Герман Цинг оюн учурунда каза тапты.  “Аканда” клубу, “Миссиле” клубу менен оюн өткөрүп жаткан. Бул тууралуу Goal.com маалымат булагы жазды.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы футболчу оюн учурунда өзүн жоготкон. Дарыгерлер жардам көрсөтүп, ооруканага алып барганда көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, футболчунун жүрөгү кармап, каза болгону белгилүү болду.

Бул фактынын негизинде иликтөө иштери башталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8386