Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Калыс Медиа маалымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык, Момбеков “ТЭЦ-2” жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн суракка чакырылды. Анын үстүнөн Жогорку соттун төрайымы арыз жазганы айтылууда.

Депутат мындан ары Кыргызстанда кандайдыр бир толкундоолор болсо, бул бийлик менен оппозициянын келишпестигинен эмес, эл менен соттун ортосундагы алакадан чыгышы мүмкүн деген пикирин жолугушууда айткан.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматкери Рахат Сулайманов Момбеков суракка чакырылбаганын билдирди. "Ал жөн гана УКМКнын жетекчиси менен жолукканга келди", - деди басма сөз өкүлү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8385