Кыз зордуктоого шектүү адам кармалды

0

Ош ОИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тоноочулукка жана кыз зордуктоого шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу 5-мартта укук коргоо органдарынан малымдашты.

Маалыматка ылайык, Т.А. аттуу 30 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну  кыз зордуктоо жана тоноочулукка шектелип, 3-мартта Бишкек шаарынан кармалды.

Кылмышка шектүү ушул жылдын 10-январынан бери издөөдө жүргөн. Шектүү адам Кар-Суу РИИБнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8383