Катуу шамал Таластагы мектептин чатырын алып кетти

0

Кечээ, 4-мартта Талас облусунда катуу шамал болуп, Арал айылындагы А.Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен жабыркагандар жок.

Учурда жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8380