Кара-Суу районундагы жол кырсыгында унаа экиге бөлүнүп кетип, адам өмүрү кыйылды

0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылында жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол кырсыгынан мерт кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алай районунун 26 жаштагы тургуну Хово үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, экиге бөлүнүп калган. Айдоочу ооруканага жеткирилип өзүнө келбей каза болду.

Учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8378