Мечиттин конок үйүндө арак ичкен адам көз жумду

0

Түркиянын Кожаели калаасынын Гөлжүк районундагы мечиттин конок үйүндө арак менен биргеликте кычкылтектүү суу ичкен Өзбекстандын 43 жаштагы Акмолжон Юсупов аттуу жараны көз жумду. Ал эми Түркмөнстандын Сахит Гурбонов аттуу жаранынын көзү соолуп, көрбөй калды. Бул тууралуу Хаберлер булагы жазды.

Маалыматка ылайык, түркмөнстандык жана өзбекстандык жарандар Гөлжүк районуна иш издеп барып, мечиттин конок үйүндө калышкан.

Конок үйгө келген адамдар экөөнүн кыймылсыз жаткандарына күбө болушкан. Гурбонов ооруканага жаткырылган. Ал эми Юсупов райондук моргго жеткирилди.

Учурда бул фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8374