Суук аба ырайында калыстык кылган адамдын бетине муз тоңуп калган

0

АКШдагы футбол лигасында “Коларадо Рапидс” менен “Портленд Тимберс” командалары ойношту. Оюн өтө суук аба ырайында болду. Оюндун калысынын бетине муз тоңуп калып, дүйнөлүк медианын көңүлүн бурду. Бул тууралуу Хаберлер булагы жазды.

Өтө суукта ойнолгон мелдеш 3-3 эсеби менен аяктады.

Бул мелдеш кардын көп жаагандыгына жана сукка карабастан орун алды. Америкалык футбол сүйүүчүлөр бул мелдешке “Кар Классикосу деген” ат ыйгарышты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8372