Кыргызстандык кыздарды Түркияда сойкулукка мажбурлашкан

0

Түркияда Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжандан барган кыздарды сойкулукка мажбурлаган адамдар кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка таянсак, үч мамлекеттен барган 10 кызды сойкулукка мажбурлаганы белгилүү болгон. Сойкулук торунан куткарылган кыздар мекененине кое берилет.

Кылмышка шектүү делген 9 адам камакка алынды. Алардын жетөө түрк экөө азербайжан жарандары болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8369