Өрттүн кесепетинен 1 кишинин өмүрү кыйылды

0

Токмок шаарында турак-жай өрртөнүп, окуя болгон жерден аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалын үйдүн 400 чарчы метрин күйгүзүп кеткен. Үйдүн ичинен 74 жаштагы М.Р. аттуу адамдын сөөгү табылган. Каза болгон аял газга ууланып калган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8368