Нарын шаарында кыз-келиндер арасында волейбол мелдеши болду

0

Нарын шаарында 8-март аялдардын майрамына арналган волейбол боюнча кыз-келиндер арасында облустук мелдеш болуп өттү.

Мелдешке 20 команда катышып, оюн курч мүнөздө өттү.

 - 1 - орунду Атбашы району

  - 2 - орунду Нарын медициналык колледжи

  - 3 - Нарын шаары

   - 4 -  Акмуз айылы

Биричи орунду алган командага 25 миң сом, 2-орунду алган командага 15 миң сом, 3-орунду алган командага 10 миң сом,  4-орунду алган командага 5 миң сом акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле мыкты оюнчуларга жана волейболдун ардагерлерине баалуу белектер ыйгарылды.

Мындай мелдеш Нарын обллусунда алгачкы ирет болду. Мелдешти коомдук ишмер Бакыт Жумагулов уюштурду.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8367