Камчыбек Ташиевдин баласы италиялык футбол академиянын катарына кошулду

0

Cаясатчы Камчыбек Ташиевдин баласы Эмирхан италиялык Паоло Росси футбол академиясына өттү. Бул тууралуу саясатчынын кызы Мээримай Ташиева өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Паоло Росси италиялык белгилүү футболчу. Дүйнөнүн  жана Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү. Ошондой эле алтын топтун ээси да болгон. 1982-жылы дүйнөнүн жана Европанын мыкты футболчусу аталган.

Футболдук карьерасы бүткөн соң, курулуш фирмасын жана айыл чарба фермаларын иштетип баштаган. Учурда анын футболдук академиясы бар.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8362