Кара-Кулжада унаа бир нече ирет аласалып кетип айдоочусу көз жумду

0

Кара-Кулжа районунда жол кырсыгы катталып унаа бир нече жолу аласалып кеткен. 41 жаштагы унаанын айдоочусу алган жараатынан улам көз жумган.

Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 00:30 чамаасында Сокулук районунун А.Ы. аттуу 41 жаштагы тургуну “Хонда Стэпвагон” унаасын башкарып бара жатып, бир нече жолу ала салып кеткен.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8349