Японияда эң кичинекей 268 грамм салмагындагы баланын өмүрү сакталып калды

0

Японияда  2018-жылдын август айында 268 грамм салмагындагы наристе жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Рейтерс маалымат булагы жазды.

Маалыматка караганда, төрөлгөндөн соң 24 апта ооруканада дарыланып, ден-соолугу жакшырганда наристе үйүнө чыгарылган.

Токийодо 5 ай ооруканада жаткан наристенин салмагы 3,2 килограам болгон.

Наристенин апасынын айтымында, баласынын өмүр сүрүп кетишине ишенген эмес.

Дүйнө боюнча эң кичинекей салмакта 274 грамм болгон кыз төрөлсө, 252 грамм болгон бала төрөлгөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8347