Ноокен районунда 20 метрлик жардан кулап кеткен бала каза тапты

0

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол-Сай айылынын четинен мектеп окуучусунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси 24-февралда болжол менен саат 20:00 чамасында табылган.

Ал бала 15-20 метрлик жардан кулап түшкөн. Каза болгон бала 9-класстын окуучусу болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8340