Нарын районундагы жол кырсыгында 3 киши каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ауди” үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен эки киши окуя болгон жерден көз жумса, бирөө ооруканада мерт кеткен.
Мындан сырткары 3 адам жараат алып, Нарын облустук ооруканасына жаткырылышты.
Учурда бул фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө.