Казакстандын Тараз шаарында 27-февралда көп кабаттуу үйдө жарылуу болду. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазышты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, эки киши каза тапты. Жабыр тарткандардын саны такталууда.
“Таңкы саат 06:21 чамасында 9-кичирайондогу көп кабаттуу үйдө жарылуу болду. 3-кабаттан газ жарылган. 300 адам куткарылды”, - деди өзгөчө кырдалдар боюнча облустук департаменттин маалымат катчысы.