Жээнбеков: Мамлекеттик органдагылар кабинетте отурганды токтотуп, аймактарды кыдыргыла

0

Президент Сооронбай Жээнбеков чиновниктерди аймактарды өнүктүрүүдө чоң колдоо көрсөткөн донорлук уюмдар менен иш алып барууга үндөдү.

Өлкө башчысы бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, өнөктөштөр тарабынан бөлүнгөн каражаттарга шалаакылык жана өзүмчүл мамиле жасоо, алардын ишенимин жоготууга алып келээрин кошучалады.

“Мен мамлекеттик органдарга кайрылам. Кабинетте отурганды токтоткула. Аймактарга чыгып, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду издөөгө убакыт келди. Бизге кызыкдар болгон абдан көп уюмдар бар. Алар менен иштегенди билиш керек”, - деди Жээнбеков.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8337