Таксилердин баардыгын катоодон өткөрүү сунушу киргизилди

0

Кыргызстандагы таксилердин баардыгы  каттоодон өтүшү керек. Мындай сунушту Унаа жана жолдор министрлиги киргизди.

Азыркы кезде айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук боюнча талаптарды аткарбайт. Буга байланыштуу такси айдоочулары Унаа, чуу транспорту агенттигине каттоого тургузуу сунушталды.

Ташуучулардын реестерине каттоосу жок жүргүнчүлөрдү жана жүктү коммерциялык ташууга жол берилбейт. Каттоодон өткөн таксисттерге атайын талон берилет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8336