Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеева менен бетме-бет көрүшүүдөн баш тартты

0

Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы пикир келишпестиктер күч алып, экөө бир-бирине болгон таарынычтарын коомчулукка ачыкташкан.

Кенже Дүйшеева Айжамал Кабылованы түз эфирге бетме-бетке чакырган. Ал эми Айжамал Кабылова ал менен жүз көрүшүүдөн баш тартты. Кабылова, Дүйшеева менен болгон чырга чекит коерун билдирди.

А.Кабылова өз пикирин социалдык тармакка төмөндөгүчө жазды.

“Ар бир сөзгө тийиштүү, чындыкка негизделген жообун берип отура берсем, кайым айтышмайга айланып, Кудайга жакпас иш болор. Андай адат мага түк жарашпайт. Калкым, күйөрмандарым, ушундай жагымсыз талкууга сиздерди күбө кылгандыгым үчүн кейийм. Алла Таала бизге канча өмүр суусун берди, эч кимибиз билбейбиз. Андыктан, мен Кудай берген өмүрдү, жаман сөздөргө эмес, анын ар бир күнүн, ар бир саатын өзүм чексиз сүйгөн үй-бүлөмө, жакындарыма, чыгармачылыкка, элге сунчу жакшы иштерге арнайын деген ниетим бар. Бар бололу! Сөздү баккан инсандар түшүнүп алышаар. Чекит койдум!” – деп жазды А.Кабылова.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8333