Кыргызстандан Өзбекстанга картошка экспорттолуп баштайт

0

Өзбекстан менен түзүлгөн келишимге ылайык, коңшу өлкөнүн жеке компаниялары Кыргызстандан картошка сатып ала баштады. Бул тууралуу айыл чарба минстри Нурбек Мурашев билдирди.

“Беш миң тонна картошка жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары онго жакын компания келишимсиз түз сатып ала алышат. Биз аларга тиешелүү шарттарды түзүп беребиз”, - деди министр.

Учурда картошка сортуна карап сатылууда.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына да коюлду. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8331