Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров саламаттыкты сактоо министрин кызматтан алуу сунушун айтты. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал Отуз-Адырдагы оорукана маселесин 7-8 жылдан бери көтөрүп келе жатканын айтты. Бирок, маселе дагы деле чечилбей жатканын кошумчалады депутат.