Бишкектин вице-мэрлери кызматтан кетишти

0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов орун басарларын алмаштырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Октябрь районунун акиминин орун басары Татьяна Кузнецова социалдык маселелер боюнча вице-мер, транспорт тармагын тескеген вице-мэр Максим Ситников кызматынан бошотулуп, Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Анын ордуна мэриянын жер ресурстары башкармалыгын жетектеген Азизбек Алымкулов келди.

Мэрдин дагы бир буйругу менен капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген Уланбек Азыгалиев шаар куруу архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин орун басары болду. Ал эми Октябь районунун акими Ренат Айтымбетов Азыгалиевдин ордуна барды.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8329