Милиция кызматкерин сүзгөн унааны кыргызстандык футболчу айдап бара жаткан

0

22-февралда 21:30 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда “Тойота-Лендкрузер” унаасы менен “Ауди-100” унаасы кагышкан. “Ауди-100” унаасын милиция кызматкери айдап бара жаткан. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  жол кырсыгынан  милиция кызматкери жана анын 4 жаштагы кызы көз жумган.

“Тайота Лендкрузер” унаасын 22 жаштагы Ы.Ж. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Маалыматтарга ылайык, бул адам жаштар арасында футбол боюнча курама команданын мүчөсү болуп эсептелет. Учурда  Кыргызстандагы командалардын биринде ойнойт.

Азыркы тапта бул фактынын негизинде иликтөө иштери жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8327