Кулагы укпаган таксисти тотптошкон балдар сабап кетти

0

Кара-Балта шаарында 8 адам кулагы укпаган таксисти сабап кетишкен. Бул тууралуу 24. kg агенттигине жабырлануучунун эжеси билдирген.

Анын айтымында, 17-февралда 24 жаштагы Акжолбек Солтонбеков унаасы менен эл ташып иштеп жүргөн. Ага 2 кардар келип Полтавка айылына чейин жеткирип коюуну өтүнүшкөн.

«Ал кардарларга жол кире 100 сом экенин айткан, шектүүлөр макул болгону менен айылга келгенде айдоочуга 10 сом гана берип коюшкан. Акжолбек чыр чыгарган эмес, анткени анын добушу катуу чыкпайт. Акжолбек үйгө келе жатканда артынан 8 бала 2 унаа менен кууп жетип, эсин жоготконго чейин сабап салышкан. Азыр ал ооруканада жатат», -деди эжеси Гүлнара Жусупбекова.

Жабырлануучунун энеси окуя болгон күнү эле арыз жазган, бирок укук коргоочулар иш алып барыша элек.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8325