Архитектор Рахатбек Байтелиев Бишкек шаарындагы курула турчу стадиондун жаңы долбоору менен тааныштырды. Бул тууралуу архитектор Рахатбек Байтелиев билдирди.
Бул стадиондун сыймдуулугу 25-30 миң көрүүчүнү батырат.
Жаңы стадиондун курулушу боюнча эчактан бери эле сөздөр айтылууда, бирок иш жүзүндө бир да жумуш жүрө элек. Мен ФИФАнын талаптарына туура келчү долбоорду чийдим”, - дейт Байтелиев.
Анын айтымында, аталган долбоорго 6 гектар жер керектелет. Ошондой эле 30 миң доллар акча сарпталат.
“Менин оюмча, стадион И.Ахунбаев көчөсүнүн түштүк чыгыш тарабына же Ж.Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде жайгашат”, - дейт архитектор.