Акча төлөбөгөндүгү үчүн свет өчүргөн тескөөчү иштен кетти

0

Талас облусунун Кара-Суу айылында  электр энергиясына акча төлөбөйт деген негизде айыл тургунунун свечтин өчүрүп салган тескөөчү иштен кетти. Ал светти өчүргөндөапасы менен кызы үшүп калбаш үчүн от жагып иске ууланып каза табышкан. Бул тууралуу Түндүк электродон маалымдашты.

Иске ууланган балдардын бири Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланууда. Учурда анын абалы оор бойдон болууда.

Эске салсак, кырсыктын кесепетинен бир үй-бүлө иске ууланып, энеси менен кызы каза тапкан. Ошондой эле эки баласы иске ууланып ооруканага жеткирилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8320