Көпүрөгө буту кыпчылып калган баланы куткаруучулар чыгарышты

0

Бишкек шаарынын 12-кичирайонунан 13 жаштагы баланын буту көпүрөдөгү арматурага кыпчылып калып, куткаруучулар курткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-февралда А.Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөгө 13 жаштагы баланын буту кыпчылып калган. Аны куткарыш үчүн, куткаруучулар жерди казып, баланын бутун арматурадан чыгарышкан. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8316