Турсунали Рустамов тажикстандык клубка өттү

0

Футбол боюнча улуттук курама команданын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажикстандын “Хужанд” клубуна өттү. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турсунали Рустамов менен аталган клубдун ортосунда 1 жылдык келишим түзүлгөн. Рустамовдун айтымына караганда, Ташкент шаарына “Андижан” командасы менен келишим түзүү үчүн барган. Бирок, келишим түзүлбөй калып, “Худжанд” клубу менен келишим түзүлдү.

Рустамов буга чейин “Алга” командасында ойноп келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8315