Сибирде кара түстөгү кар жаады

0

Сибирдин Кемеров шаарына кара түстөгү кар жаады. Көпчүлүк мындай көрүнүшкө таң калышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазды.

Жергиликтүү тургундар кара түстөгү кардын жаашынын себеби аймактагы көмүр кендерине байланыштуу экенин боолголошууда. Калаа тургундары карга ойногон балдар ууланып калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Адистер карды текшерип, чындыгында эле кара түстөгү кар жааганын тастыкташты.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8312