Сооронбай Жээнбеков Ош-Баткен-Исфана жолунун реконструкциялоо иштери менен таанышты

0

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 м3 көлөмүндө жер иштери аяктады, 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары жыйынтыкталды, жаңы көпүрөнүн курулушу 85% аяктады, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8289