Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып эки адам мерт кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматы тастыктады.
Жол кырсыгы Сузак районунун аймагында болгон. Цемент ташыган унаа менен жеңил унаа кагышып, натыйжада айдоочу менен жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапкан.
Кырсык 18-февралда саат 14:00дөр чамасында болгон. Цемент ташыган унаанын тормозу иштебей жеңил унаа менен кагышкан. Кырсыктан жабыр тарткандар ооруканага жаткырылышты.
Бул фактынын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.