Былтыркы жылы ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны өскөн

0

Кыргызстанда 2018-жылдын 11 айында сифилис менен ооруган 399 факт катталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык эпидэмиологиялык көзөмөл Департаментинен билдиришти.

Бул көрсөткүч 2017-жылга караганда 28ге көп. Ошондой эле сифилис менен ооруган 14 жашка чейинки балдар да катталган.

Андан тышкары, былтыркы жылы гонорея менен жабыркаган 165 учур катталган, анын ичинен 14 жашка чейинки балдар да болгон.

2018-жылы ВИЧ-инфекциялары менен жабыркагандардын жалпы саны 1,6%га өсүп, 820 учур катталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 796ны түзгөн. Эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда 924,0, Ош 16,7 жана Бишкек 31,2 шаарларында байкалган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8267