Мурашев: Быйылкы жылы картошка аз айдалат

0

Быйылкы жылы картошка аз айдалып, пахта көп эгилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мурашев азыркы тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы айдап себүү иштери башталганын билдирди. Дыйкандар үчүн быйылкы жылы чечевица, соя, гречка дан азыктарын айдоо пайдалуу болорун ырастады.

"Быйыл картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен", - деди министр.

"Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады, ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Темекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат", - деп билдирди Мурашев.

Эске салсак, былтыр экспорттоону көздөп картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып нааразы болушкан. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын кабарланган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8266