Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Белоруссиянын “Неман” футбол клубуна өттү. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
“Неман” клубу Белоруссия чемпионатында 7-орунду камсыздап келүүдө. Аталган клуб 2002-жылы өлкө чемпионатында күмүш медалга ээ болуп, Белоруссия кубогун утуп алышкан.
Гүлжигит Алыкулов 18 жашында. Бишкек шаарында төрөлгөн. Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу.