Москва шаарында калайман мушташ болуп, эки адам каза болду (видео)

0

Москва шаарында калайман мушташ орун алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушташтан улам 30 жаштагы адам окуя болгон жерден жан берген. Ал эми экинчи адам ооруканадан набыт кеткен. Мушташ унаа жуучу жайдагы жумушчулардын пикир келишпестигинен улам келип чыккан.

Бул окуя боюнча Кыргызстандын жарандарынын катыштыгы бар жогу текшерилүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8259