Индиядагы жардыруудан 42 полиция кызматкери каза тапты

0

Индиянын Джамму жана Кашмир штатында теракт болуп, 42 полиция кызматкери каза таап, ондон ашык адам жараат алды. Бул тууралу Тасс агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, 14-февралда автобус полиция имаратынын жанына келгенде жарылган. Автобусту жанкечти башкарып келген.

Жардырууну "Жаиш-е-Мухаммад" террордук тобу өзүнө алды.

"Жаиш-е-Мухаммад" Индиянын Джамму жана Кашмир штатындагы онго жакын сепаратисттик уюмдарынын бири. Алар Индиядан эгемендүүлүк алып же болбосо коңшу Пакистанга кошулууну каалашат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8254