“Боруссия Менхегладбах” клубунун тарбиялануучусу Александр Мищенко Кыргызстан курама командасында ойнойт

0

“Боруссия Менхегладбах” клубунун тарбиялануучусу Александр Мищенко Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралууу “Дордой” футбол клубунан билдиришти.

Мищенко 22 жашында. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөлгөн. Үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кетишкен.

2016-жылы Кыргызстандын жаштар курама командасына кирген жана “Дордой” клубунун оюнчусу болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8248