Бүгүн, Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБине байланыштуу отурум өтүүдө. Жыйындын жүрүшүндө депутат Алмаз Токторов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бул ишке экс-президенттин катыштыгын сурады.
Буга жооп узаткан УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулунун айтымында, экс-президентке эле эмес, башка дагы мамлекеттик кызматкерлерге, бийлик өкүлдөрүнө 12-13 факты боюнча материалдар өзүнчө өндүрүштө каралган. Анын айтымында, материалдар дагы иликтенип, кошумча баа берилет.
Ал эми Ө.Жамшитовдун айтымында, иштин материалдарында экс-президент менен Сапар Исаковдун каты бар жана экс-президент боюнча материалдар өзүнчө өндүрүштө бөлүнгөн.