Иранда аскердик автобуска террордук чабуул жасалып 27 кишинин өмүрү кыйылды

0

Иранда аскерлерди ташыган автобуска кол салуу болуп 27 аскер набыт кетти. Бул тууралуу Хаберлер малымат булагы жазды.

Маалыматка ылайык, аскердик автобусун ичине бомба коюп алган унаа келип токтогондо жарылган. Кырсыктын кесепетинен 27 аскер набыт кетип, 13 аскер жараат алышкан.

Террордук чабуулду “Жейшул Адл” террордук тобу ишке ашыргандыгы маалымдалды.

Ирандын өкмөтү бул террордук чабуулдун артында АКШ тураарын кошумчалады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8245