Мектеп куруу үчүн мамлекеттик казынага 94 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат берүүдө. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБин оңдоого кеткен жемкорлук боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделип жатат.

Учурда алардын башка бирөөлөргө жазылган офшордук аймактардагы мүлктөрү бары-жогу иликтенүүдө. Калыс-Ордо мектебинин курулду делген 2 млн доллар ТВЕА тарабынан эки мектептин курулушуна берилгенин белгиледи. Маалымат боюнча бир гана мектеп курулуп, натыйжада мамлекетке 94 млн 860 миң сом зыян келтирилген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8244