Сирияда таштандыдан тамак издеген балдар

0

Сириядагы согуштан качкан 1,5 миллион эл Идлиб аймагына жайгашышты. Идлибде аба ырайы суук болуп тоңуп өлгөндөр да бар. Ошондой эле жакырчылык каптоодо. Бул тууралуу Хаберлер булагы жазды.

Ал эми сириялык өспүрүмдөр үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүш үчүн таштанды талааларында темир-тезек чогултуп акча табуунун үстүндө иштешет.

Таштандыда иштеген Йусра аттуу өспүрүм бул жердеги жаман жыттан тажагын билдирди. “Эгерде мүмкүнчүлүк болсо таштанды талаасына эмес, мектепке барып окуганды, жазганды үйрөнмөкмөн”, - дейт ал.

Согуш оту тутангандыгына байланыштуу элдерде жакырчылык күн санап өсүп, таштанды терген балдарда жугуштуу оорулар келип чыгууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8243