Президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзамга 8 депутат каршы чыкты

0

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда колдоого алынды. 94 депутат макул, 8 депутат каршы экендигин билдиришти.

Бул мыйзам президенттин кол тийбести укугунан ажыратууга жол ачат. Мыйзамды Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев демилгелеген.

Каршы чыккан депутаттар:

- Муктарбек Айнакулов

- Ирина Карамушкина

- Асел Кодуранова

- Мурадил Мадеминов

- Исхак Масалиев

- Альфия Самигуллина

- Артыков Анвар

- Айнура Осмонова

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8242