Мамлекеттик сатып алуу департаментинин жетекчиси Улан Өзүмбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик сатып алуулар тармагында реформалоо боюнча тапшырмалардын аткарылбагандыгы үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчиси Улан Өзүмбековду кызматтан бошотуп, финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.