Австралиядагы селден улам 500 миң уй өлдү

0

Австралиянын Гвинсленд аймагында жети жылдан бери кургакчылык өкүм сүрүп келген. Быйылкы жылы катуу жамгыр жаап, селге айланып 500 миң уй сууга агып өлдү. Бул тууралуу Хүррийет басылмасы жазды.

Өкмөт өкүлдөрү айыл чарба тармагына зыян келгенин белгилешип, селдин чыгымдары такталаарын кабарлашты.

Өлгөн уйлардын жалпы баасы 213 миллион сом болгондугу маалымдалды. Тирүү калган жаныбарларды кургак аймакка чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Уйларга учак аркылуу чөп тыштап жатышат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8238