Сириядагы террордук топко катыштыгы бар адам кармалды

0

УКМК жана ИИМдин кызматкерлери  9-февралда терроризмге каршы иш-чараларды өткөрүштү. Анын натыйжасында  эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 28 жаштагы  К.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 2014-жылы үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен. Сириядагы МТО лагеринде  согуштук даярдыктан өткөн.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8232