Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-январда УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган. Кылмышка шектүү эл аралык издөөдө жүргөн.
Кылмышка шектүү 2015-жылы террористердин идеологиясын үгүттөп Сирияга кеткен. Сириядан эл аралык согушкерлерге кошулуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушкан.