Милиция кызматкери сурак учурунда кылмышка шектүү адамдын денесине жылан ороп салган

0

Индонезиянын Папуа аймагында сурак учурунда милиция кызматкери кылмышка шектүү адамга күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн денесине жылан ороп салган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка таянсак, Жайавижайа аймагынан уурулукка шектүү адамды милиция кызматкери суракка алып жатып, денесине жылан ороп салганы социалдык тармакка тарап кеткен.

Кылмышка шектүүнү кыйноого алган милиция кызматкери боюнча иликтөө иштери башталды.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8216