Билим берүү министрлигини кызматкерлерине сапатсыз китеп чыгаргандыгы үчүн кылмыш иши козголду

0

Башкы прокуратура Билим берүү министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапатсыз чыгарылган китептерден казынага 33 миллион зыян келтирилген. Башкы прокуратура “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “алдамчылык”, беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банк 16,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана грант берет. Анын 4 млн 168 миң доллары 5-6-класстар үчүн жаңы окуу куралдарды даярдоого сарпташкан.

Бул китептерди чыгарууну мойнуна алган «БК» ишканасы 2016-жылы 10-авустта келишим шарттарын бузуу менен, «Табият таануу» жана «География» китептерин басууну сынакка катышкан «И» деген ЖЧКга өткөрүп берген. А бул ишкананын квалификациялык көрсөткүчтөрү талаптарга такыр туура келбейт.

Ошол эле «БК» министрликтин мыйзамсыз талабын аткарып, Координациялык кеңешменин сынына толук китепти эмес, биринчи чейрек үчүн гана даярдалган авторлордун кол жазма вариантын алып келет.

Мындан сырткары аталган ишкана менен «Табият таануунун» автору 2012-жылы чыккан китептин көчүрмөсүн эле алып, жаңы китеп жазуу келишимин түзүшкөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8214