Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган нигериялыктар кармалды

0

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген нигериялыктар өз өлкөсүнө кайтарылышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык авиа каттам менен учуп келген нигериялык 40 жаштагы Икене Анайо жана 22 жаштагы Карим Ахмед Оламилекан аттуу жарандар “Манас” аэропортунан КРнын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсүн көрсөтүшкөн.

Жакында киргизилген Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы ал электрондук визалардын дал келбестигин аныктаган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8213