“Коопсуз шаар” долбоору эртеңден тарта ишке киришет

0

 

12-февралдан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында камералар 7 эреже бузууну аныктай баштайт. Бул тууралуу Жол коопсуздук башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы»  аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Учурда камералар тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар Бишкек шаарынын 10 кесилишине орнотулган.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) баш ийбей өтүп кеткендерди;

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгууну;

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүргөндөрдү;

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду;

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузган айдоочуларды;

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды;

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды аныктайт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8212